Баткендик дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн сом киреше тапты

 Баткендик дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн сом киреше тапты

Баткен районунда дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Жер айылындагы жергиликтүү дыйкан мамлекеттин жерлерин ижарага алып, интенсивдүү ыкма менен кулпунай өстүрүп келе жатат.

Өткөн жылы дыйкан 17 млн сомго чейин киреше таап, 100 тоннадан ашык кулпунайды экспортко чыгарган болсо, быйылкы жылы анын көрсөткүчтөрү эки эсеге жогорулап, 34 млн сом киреше тапты. Ал 200 тоннадан ашык продукцияны Россия жана Казакстанга экспорттоду.

Бул жетишкендиктердин негизги себеби — “3+2” программасынын алкагында жүргүзүлгөн иштер болуп саналат. Программа аркылуу айыл чарба адистери жердин абалын анализдеп, өсүмдүккө керектүү азыктарды берүү боюнча так сунуштарды беришкен. Натыйжада кулпунай талааларында түшүмдүүлүк кыйла арткан.

Мындан тышкары, кошуна дыйкандар дагы жердин анализи менен иштөөнү жана азыктандыруу ыкмаларын үйрөнүшүп, өз чарбаларында жакшы жыйынтыктарга жете алышты.

Бул тажрыйба аймактагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана экспорттук потенциалды жогорулатууда маанилүү үлгү болуп саналат.

Связанный пост