Ала-Букада күзгү талаа иштери башталды

 Ала-Букада күзгү талаа иштери башталды

Ала-Бука районунда күзгү талаа жумуштары башталып, учурда Орток-Бел массивинде дыйкандар жана фермерлер тарабынан кызуу иштер жүрүп жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл Орток-Бел массивинде түз эгүү ыкмасы колдонулуп, жалпы 300 гектар аянтка буудай себүү пландалган. Бул максатта 60 тонна буудай үрөнү жана 25 тонна жер семирткич бөлүнүп берилген.

Бүгүнкү күндө 65 гектар аянтка буудай эгилип, иштер план боюнча уланууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен район аймагында күзгү буудай жана арпа сыяктуу дан эгиндерин өз убагында себүү боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Бул иш-чаралар дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана келерки жылдагы түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Связанный пост