IV Элдик Курултай: делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү

Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында, Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү.

Уюштуруу комитети жыйында 2025-жылдын 22-декабрына дайындалган Элдик Курултайды жогорку деңгээлдеги өткөрүү боюнча күн тартибиндеги  маселелерди карап, Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү  боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы бекитилди.

Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Связанный пост