Депутаттар «VII чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-сентябрдагы жыйында «VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карады.
Аталган маселе боюнча маалыматты депутат Улан Примов тааныштырып, демилгечи топко 32 депутат киргенин билдирди.
«Эмдиги жылы эки маанилүү окуянын, тагыраагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келгендигине байланыштуу ортодогу айырма кыска убакытты түзүп калууда. Ошондуктан демилгечи топ өлкөдөгү саясий системаны жана туруктуулукту чыңдоо максатында парламентке өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшырууну сунуштайт», – деди эл өкүлү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 84 депутат демилгечи топтун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу боюнча сунушун колдоду.
Эске салсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу жөнүндө сунушун караган.