Кыргызстанда накталай эмес төлөмдүн көрсөткүчү рекорддук чекке жетти

 Кыргызстанда накталай эмес төлөмдүн көрсөткүчү рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөр тездик менен киргизилип жатат.

Улуттук банктын маалыматына караганда, ELQR системасына 20 коммерциялык банк, 14 төлөм уюму туташтырылган, 32 мобилдик тиркеме иштейт.

Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык эсептешүү эсептери, 9,8 млн банктык карталар, 3,5 млн идентификацияланган электрондук капчыктар жана 3 млн агенттердин мобилдик тиркемелери тейленет.

2025-жылдын биринчи жарымында эле QR коддор аркылуу рекорддук 274,9 млрд сом иштетилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,9 эсеге көп (13,8 млрд сом). Бул өсүш республика боюнча 80, 5 миңден ашык соода түйүндөрүндө QR-коддорду масштабдуу орнотуу менен шартталган.

Белгилеп кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүү технологияларга жана инфраструктурага, анын ичинде рыноктун катышуучуларынын өздөрүнө тиешелүү бир катар факторлорго көз каранды.

Улуттук банк төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • QR-код аркылуу төлөө мүмкүн болбосо, төлөмдүн альтернативдүү ыкмаларын (банк картасы, NFC, мобилдик төлөм кызматтары, Интернет-банкинг, мобилдик банкинг, накталай акча) колдонуу;
  • акча каражатын туура эмес эсептен чыгарылганын байкасаңыз, дароо сизди тейлеген банкка кайрылуу.

Связанный пост