ЕАЭБде ички инвестициянын агымы өсүүдө

 ЕАЭБде ички инвестициянын агымы өсүүдө

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстанга ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн келген инвестициянын көлөмү кескин өскөнүн билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасына 61 миллион доллар инвестиция тартылган. 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги сумма 37 миллион долларды түзгөн.

Эксперттердин айтымында, өнөктөш өлкөлөр өзгөргөн глобалдык чөйрөнүн аркасында бири-бирине жакындан көңүл бура баштады. Көрсө, Евразия экономикалык биримдиги сунуштаган преференциялардын жана өз ара колдоонун алкагында жакынкы коңшулар менен бизнес жүргүзүү, долбоорлорду ишке ашыруу пайдалуураак жана жеңил болот экен.

Кыргызстандагы салттуу өнөктөштөрдүн инвестициялык тенденцияларына көз чаптырсак, ал буга чейин эле олуттуу өсүүдө. Акыркы төрт жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга инвестициянын көлөмү дээрлик үч эсеге өстү. 2020-жылы ал 89 миллион долларды түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 263,6 миллион долларга жеткен.

Связанный пост