Садыр Жапаров Кара-Сууда “Манас” футболдук стадионун ачты

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Манас” футболдук стадионунун ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын, машыгуу залын көрүп чыкты.

Стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.

Садыр Жапаров өз сөзүндө стадиондун ишке берилиши өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндө жана жергиликтүү инфратүзүмдү жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелет деп баса белгиледи.

“Бул жерде биздин даңктуу “Жаштык-Ак-Алтын” футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Демек, бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан, күйөрмандардын сүйүнүчүнө күбө болгон өзгөчө жай болгон”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Футболдук стадион заман талабына ылайык толук кайра курулду: сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилди, оюн талаасына табигый көк майсаң чөп төшөлдү, трибуналар жаңырды. Медиа зонасы, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды, ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футболдук беттештерди жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Объекттин реконструкциясына 274,5 млн сом жумшалды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул каражат келечектин чемпиондоруна, жаштарыбыздын өнүгүүсүнө салынган инвестиция болуп эсептелинет.

Садыр Жапаров мындай стадиондордун курулушу — ириде элдин ынтымагын чыңдоого, жаштарга дем берүүгө салым экенин баса белгилеп, бул сыяктуу долбоорлор Кыргызстандын башка аймактарында да жигердүү жүрүп жатканын ырастады.

“Өткөн айда Өзгөндө, жакында эле 14-сентябрь күнү Токтогул шаарында стадион ачылды. Ошондой эле Баткенде, Нарында, Таласта стадиондор жигердүү курулууда. Сокулук, Аксы, Кочкор райондорунда, ошондой эле Токмок, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шаарларында да салынып жатат. Бишкекте болсо жалпы спорт тармагына өтө маанилүү спорттук-реабилитациялык медициналык борбор түптөлүүдө. Мунун баары – мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө болгон саясатынын айкын далили”, – деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле жаңыланган “Манас” стадионунун ачылышы 90 жылдыгын белгилегени турган жалпы Кара-Суу району үчүн чоң майрамдын башы деп айтууга болорун баса көрсөттү.

“Мындай майрамдык маанайды утурлай, баарыңыздарды Кара-Суу районунун 90 жылдыгы менен чын дилимден куттуктап кетейин. Көп этностуу бул райондун эң башкы байлыгы – бул жумурай журттун ынтымагы, биримдиги, алдыга умтулуусу. Биримдигиңиздер артып, мындан ары да өнүгүп-өсө бериңиздер”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ачылыш аземинен кийин «Мурас Юнайтед» менен «Дордой» командаларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Кубогуна финалдык беттеш болуп, ага Мамлекет башчысы катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен “Дордойдун” пайдасына аяктады.

Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана Кубокту Президент Садыр Жапаров тапшырды.

Связанный пост