Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү $5 млрд жеткирүү пландалууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы—Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана өлкөгө расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын Вице-Президенти Джевдет Йылмаз, Кыргыз-Түркия өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12- отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө билдирүү жасашты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин сөзү:

“Урматтуу Вице-президент мырза,
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,
Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз Түркия Республикасынын Вице-президенти урматтуу Жевдет Йылмаз мырзаны Кыргыз Республикасына расмий сапары менен кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз.
Сапардын алкагында биз урматтуу Вице-президент мырза менен Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отурумунда ийгиликтүү өткөрдүк.
Иш чарабыз салттуу достуктун, сый-урматтын жана өз ара түшүнүшүүнүн духунда өткөнүн канааттануу менен белгилейм.
Бүгүнкү жолугушуубузда биз эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулоо менен бирге, экономикалык кызматташуунун күн тартиби боюнча жакшы пикир алмаштык.
Экономикалык өз ара аракеттенүү биздин эки тараптуу мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Түркия көп жылдар бою Кыргызстандын тышкы соода жана инвестициялык чөйрөдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири.
Биз түрк инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана алардын ишмердүүлүгү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз.
Комиссиянын алкагында өтүп жаткан бизнес-форумда дагы ар түрдүү тармактарда эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуусуна көмөк көрсөтүү маселелери талкууланат.
Анын натыйжалары көпкө күттүрбөй жакынкы мезгилде ишке ашырылат деп ишенем.

Урматтуу достор,

Биздин жалпы максатыбыз – жакынкы жылдарда соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү болуп эсептелет.
Бул багытта бардык аракеттерди жумшоо боюнча макулдаштык.
Ошону менен бирге соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, инновациялар жана башка маанилүү тармактарын камтыган кеңири маселелер талкууланды.
Өзгөчө көңүл мурдагы жетишилген макулдашуулардын аткарылышына бурулду.
Мындан тышкары жогоруда аталып кеткен багыттар боюнча кызматташтыктын жаңы векторлору аныкталып, аларды практикалык жүзөгө ашыруу боюнча так кадамдар макулдашылды.
Эки өлкөнүн ортосунда адам ресурстары жана гуманитардык кызматташтык дагы маанилүү багыт бойдон калууда.
Бул тармактар элдерибиздин ортосундагы учурдагы бекем карым-катнаштарды жана өз ара түшүнүүнү мындан ары да чыңдоого негиз түзөт деп ишеним артам.
Бул өңүттө өлкөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктүн жаркын символу болгон Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгилеп, быйылкы жылы университеттин 30 жылдык мааракесин майрамдоо биз үчүн чоң сыймык.
Ал эми жолугушуубуздун жыйынтыгында кеңири чөйрөдөгү тармактарды камтыган Иш-аракеттер планына, кадастр жана ишкердик жаатында эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Бул документтердин алкагында мазмундуу жана биздин элдерибизге пайда алып келе турган иштер жүргүзүлүп, бир туугандык мамилелердин чыңалышына олуттуу салым кошоруна ишенем.
Сөзүмдүн аягында урматтуу Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз мырзага жана түрк делегациясынын мүчөлөрүнө биргелешип үзүрлүү иш жүргүзгөндүгүбүз үчүн ыраазычылыгымды билдирем”.

Связанный пост