“Манас” университетинин 30 жылдыгы белгиленди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.
Белгилей кетсек, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана бүткүл министрлер кабинетинин атынан профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди университеттин юбилейи менен куттуктады. Адылбек Касымалиев акыркы үч жылдан бери университет дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин тизмесине жана Борбор Азиядагы алдыңкы он жогорку окуу жайынын катарына кирип жатканын, бул өз кезегинде анын билим берүүсүнүн жогорку сапатынан жана илимий потенциалынан кабар берерин белгиледи.
“Кыргыз-Түрк “Манас” университети жөн гана окуу жайы эмес, Кыргызстандагы илимдин, билим берүүнүн жана эл аралык академиялык кызматташтыктын негизги борборлорунун бири”, – деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Түркиянын жетекчилигине эки элдин достугун бекемдөөгө, Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүгө, айрыкча “Манас” университетинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз өз сөзүндө профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди университеттин 30 жылдыгы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн: 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин университет 12 өлкөдөн жана 23 түрк элдеринен 14 250 студентке билим берип бүтүрдү.