Бишкекте агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтүүдө

 Бишкекте агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкек шаарынын эски аянтында “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Көргөзмө-жарманке Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.

Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулууда.

Organic Expo 2021 жарманке-көргөзмөсүндө органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылууда.

Аталган иш-чара эки күнгө, тактап айтканда, 22-октябрга чейин созулат.

Связанный пост