Ош облусунда Элдик курултайга делегаттар тандалууда

 Ош облусунда Элдик курултайга делегаттар тандалууда
Ош облусуна караган 88 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаарларда жыйындары өткөрүлүп, Элдик курултайга делегаттар тандалууда. Ош облусунун тургундары “ Элдик курултайга” делегаттарды шайлоого активдүү катышып жатышат. Делегаттарды тандоо жыйындары өткөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлүп, делегаттарды шайлоо жарандардын өз каалоосуна коюлган.
Белгилей кетсек, жобого ылайык элдик жыйындарды өткөрүү укугу жергиликтүү кеңештерге берилип, уюштуруу иштерине жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтүүдө. 2022-жылдын 25-ноябрь “Элдик курултайга” Ош облусунан шайланган 179 делегат катышат.

Связанный пост