Кыргызстанда мектептерде дээрлик 1,5 миллиондон ашык бала билим алат

 Кыргызстанда мектептерде дээрлик 1,5 миллиондон ашык бала билим алат

Кыргызстанда 2 миң 394 мектепте 1 млн 536 миң 633 бала билим алат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин кектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 2 миң 170 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 224 жеке менчик мектеп болуп саналат.

“Жеке менчик мектептердин көпчүлү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашкан. Учурда 93 миңден ашуун мугалим жайкы эс алуудан кийинки жаңы окуу жылында өз ишин баштады. 1-2-класска каттоо боюнча айта кетсек, ушул убакытка чейин региондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилген тапшырыкка ылайык, 306 миң 413 орун түзүлгөн. Анын ичинен 1-класска 147 миң 218, ал эми 2-класска 159 миң 195 орун болгон. Учурга чейин мектепке кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлүп, 1-2-класска окуучулар кабыл алынды”,- деди Сыдыбаев.

Белгилей кетсек, 1-сентябрь Билим күнү республиканын бардык жалпы билим берүү мектептери окуучулар үчүн өз эшигин ачты. Бүгүн Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган атайын темалардын негизинде окуучуларга тарбиялык сабактар өтүлмөкчү.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост