Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат

 Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат.
Президенттин жумушчу сапарынын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт.
Ошондой эле, 30-августта Президенттин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болот.
Объекттердин ачылышы КТРК, ЭлТР телеканалдарынын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Связанный пост