Чаткалда экологияга 47 млн сом зыян келтирилген

Башкы прокуратура жаратылышка 47 млн сомдук зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекетке 47 млн сомдон ашык экологиялык зыян келтирүү фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чаткал филиалынын жооптуу кызмат адамдары аянты 8,5 га түзгөн жайыт жерге токой чарбанын жоготууларын толтурбастан, “С.А.” ЖЧКсына убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзамсыз беришип, натыйжада мамлекетке 45,4 млн сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, “С.А.” ЖЧКсы тарабынан жер тилкеге лагерди орнотууда 10,4 га аянттагы жердин түшүмдүү катмары бузулуп, экологияга келтирилген зыян 2,4 млн сомду түзгөн.
Аталган фактылар боюнча Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”, “Жерди бузуу”, “Мыйзамсыз ишкердик” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.