Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 16:31де Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кулчу жана Кара-Шыбак айылдарында – 5 балл, Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарында – 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Кабык жана Кашка-Суу айылдарында – 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Связанный пост