Лейлектин Бешкент айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады
Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу З.М.Бабур атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объектинин курулушу эки жыл мурда республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 3 220,47 чарчы метрди түзөт.
Заманбап, жаңы мектептин каалгасы 1-сентябрда ачылат.