Кадамжайдын Сары Алтын айылында мектептин курулушу аяктады
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сары Алтын айылында “Сары Алтын” орто мектебинин курулушу аяктады.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 275 орундуу мектептин курулушу инвестициянын эсебинен каржыланды, тагыраагы «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 163,8 млн сомго курулду.
Муну менен облуста 1-сентябрга карата 4 типтүү мектеп пайдаланууга даяр болду.
Облус башчысы Айбек Шаменов аталган мектептин курулушун көрүп, даярдыгын текшерди.