Ошто Казакстандын Евразия улуттук университетинин филиалы ачылат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Ош облусунда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине университеттин ректору Ерлан Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, филиалдын ачылышы көп жылдык иштин натыйжасы.
“Ош мамлекеттик университети менен сүйлөшүүлөр 1992-жылдан бери жүргүзүлүп келген. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, бүгүн биздин филиал ачылып жатат. Университетке кайсы багыттагы адистиктер жетишсиз экенин тактаганыбызда кесиптештер IT жана туризмди көрсөтүштү. Бул багыттар биздин университетте күчтүү позицияны ээлейт”, — деди Сыдыков.
Ал ошондой эле филиалда Казакстандан келген окутуучулар сабак берерин жана алар лекция окуу үчүн үзгүлтүксүз келип турарын баса белгиледи. Окутуу келишимдик негизде жүргүзүлөт.
Булак “Кабар” агенттиги