Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ири объекттер ачылат

Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ири объекттердин ачылышына даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Күн мурун президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев мындагы жумуштардын жүрүшү менен жеринен таанышты.

 

Аны президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана орун басарлары коштоп жүрдү.

Связанный пост