Нарын районуна 70 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды
Нарын районунун айыл өкмөттөрүнө 70 млн сомго алынган 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, техникаларды алууга каражат президенттин Турукташтыруу фондунун бөлүнгөн.
Техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Нарынга болгон жумушчу сапарынын алкагында тапшырды.
Техникалар райондун ар бир айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо үчүн алынган.
Мындан сырткары, “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатылып алынган жалпы наркы 41 млн 240 миң 860 сомду түзгөн кошумча техникалар да бул иш-чаранын алкагында ээлерине тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев ушундай эле техникалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ак-Талаа районуна дагы тапшырыларын белгиледи.