Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания 29,2 млн сом КНС төлөдү

 Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания 29,2 млн сом КНС төлөдү

Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине 29,2 млн сом кошумча нарк салыгын төлөштү.

Салыкты Яндекс Go (Россия), Vaskiani Ventures limited (Кипр) жана Xsolla (США) компаниялары төлөштү.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасында электрондук формада кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания Салык кызматынын vat.salyk.kg электрондук сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүштү. Анын ичинде Нидерландияда катталган 4 компания, АКШда, Улуу Британияда, Россияда экиден жана Ирландияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Арменияда, Казакстанда, Кипрде бирден компания бар.

Азыркы учурда, сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Связанный пост