Быйыл Баткен облусунда 78 жаңы ишкана ачылды

Быйыл Баткен облусунда 78 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу жарым жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда айтылганын өкүлчүлүктөн билдиришти.
Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жаңы ишканалардын ичинен өнөр жай продукцияларын өндүргөн 15 кичи ишкана, айыл чарба продукциясын өндүргөн 1 ишкана, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 7 ишкана, кызмат көрсөтүүчү 36 ишкана жана 17 жаңы соода борбору ачылды. Натыйжада 349 жумуш оруну түзүлдү. Аларды куруп ишке киргизүү үчүн 349 млн сом жеке инвестиция өздөштүрүлдү.
Ал эми жалпы мамлекеттик ишканаларды кошкондо 4738 кошумча жумуш оруну түзүлгөн.
Ошондой эле 6 ай ичинде жалпысынан Баткен облусуна 1345,1 млн сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо планы белгиленсе, иш жүзүндө 1466,1 млн сом аткарылып 109,0 % түздү. Бул планга салыштырмалуу 120,9 млн сомго көп чогултулганын көрсөтөт.
Мындан тышкары, объектилерди куруу, кайра куруу жана техникалык жактан жабдуу иштерине 2 млрд 490 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлдү. Учурда облуста 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда.
Булак “Кабар” агенттиги