5 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 5,7 млрд долларды түздү

Кыргызстанда товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-майында 5 млрд 771,6 млн долларды түздү. бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөн.
Мында экспорттук жөнөтүүлөр 27,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 11,7 пайызгы төмөндөдү.
“Ал эми ушул аралыкта ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 1 856,7 млн долларды түздү жана 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 7,4 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,5 пайыз) туура келди”, – деди ал.