Министрлер кабинетине караштуу Салык жана Бажы кызматтары түзүлөт

 Министрлер кабинетине караштуу Салык жана Бажы кызматтары түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул документ салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт.

Ага ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, ошондой эле Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын базасында министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы түзүлөт.

Эми министрлер кабинети Финансы министрлиги Мамлекеттик салык кызматына зер буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп бериши керек. Бул иштерди эки айлык мөөнөттө бүткөрүү тапшырылды.

Связанный пост