Данияр Амангелдиев менен Газпромбанктын Биринчи вице-президенти Олег Мельниковдун жолугушуусу болду

Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Газпромбанктын Биринчи вице-президенти Олег Мельниковдун жолугушуусу болуп өттү.
Анда, келишимдерди банктык колдоо механизмин колдонуу сүйлөшүүнүн негизги темасы болду.
Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы артыкчылыктуу улуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Олег Мельников банктын өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ислам банкинги кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт катары белгиленди. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн далилдүү механизмдерин жана келечектүү демилгелерди каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда маектешкендер Кыргыз Республикасы менен Газпромбанктын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине жана кеңейээрине ишенимин билдиришти.