Өлкөдө алгачкы жергиликтүү дарбыздар сатыкка чыкты

 Өлкөдө алгачкы жергиликтүү дарбыздар сатыкка чыкты

Кыргызстандын жергиликтүү дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Эң алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында бышып, жергиликтүүлөрдү бакча өсүмдүктөрү менен камсыз кылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дарбыздар шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча бакча өсүмдүктөрүн, тактап айтканда коон, дарбыздарды сатуу үчүн атайын соода аянтчалары аныкталып жана даярдалган.

Бул чара атамекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн ар бир сатуу аянтчалары боюнча жооптуу кызматкерлер бекитилген. Алар менен алдын ала байланышып, жайгашкан жери, иштөө графиги жана жайгаштыруу шарттары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды министрликтин социалдык тармактардагы баракчаларынын алууга болот.

Связанный пост