Технопаркта 3,5 миң ноутбук мугалимдерге берүүгө даярдалууда

Технопаркта мугалимдерге берүү үчүн 3,5 миң ноутбук даярдалууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барган учурда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, анда министр мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.

КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев министрди аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен тааныштырды.

Технопарктын директору Касымбек Келебаевдин айтымында, ушул тапта 3500 даана ноутбук даярдалып, аларды министрликке өткөрүп берүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Министр Кендирбаева “Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз, сапаттуу, билим берүүдөгү керектүү платформалар камтылган ноутбук менен камсыздаларын дагы бир жолу билдирди.

Связанный пост