Улуттук банктын төрагасы: Бизде алтындын 52 тонна кору бар

 Улуттук банктын төрагасы: Бизде алтындын 52 тонна кору бар

Бизде алтындын 52 тонна кору бар, – деди Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев парламенттин жыйынында.

Депутат Дастан Жумабеков 52 тонна алтын акчалай эсептегенде 3 млрд 700 млн долларды түзөрүн белгиледи.

“Бул чындыгында өлкөнүн бюджетинен көп жана жакшы көрсөткүч. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто алтындын баасы кымбат, бирок төмөндөп кетиши мүмкүн. Сиз кандай ойлойсуз, алтынды валютага айлантып, алтындын запасы катары эле сактабастан, мамлекеттик ири долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жумшаса кандай болот? Мисалы, Камбар-Ата ГЭСи, темир жол жана башка стратегиялык объектилерди курууга. Биз насыя албай, Улуттук банктын каражаттарын пайдала алабызбы. Кандай ойлойсуз?”, – деп сурады депутат.

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири монетардык саясат жүргүзүү экенин белгиледи.

“Биздин аналитиктер күн сайын алтындын баасына, анын көлөмүнө жана сакталышына текшерүү жүргүзүп турушат. Биз күн сайын анализ жасайбыз. Кээде алтынды сатып алып, кээде сатабыз. Ошондой эле кээде долларды, кээде рублди сатып алып турабыз, бул биздин аткара турган ишибиз. Өткөн жылы эл аралык резервдерди туура жана натыйжалуу колдонуунун аркасында чоң кирешеге жетиштик. Бул жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча дагы жакшы киреше алдык. Эгер биздин анализибиз алтынды сатуу керектигин көрсөтсө сатабыз”, – деди Тургунбаев.

Дастан Жумабеков алтындын ушундай корунун сакталышы мактоого татыктуу экенин белгиледи.

Связанный пост