Ысык-Көл облусунда ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча I Эл аралык конференциясы болуп өттү
Ысык-Көл облусунда ЖККУ өлкөлөрүнүн кибер коопсуздук боюнча эл аралык конференциясынын салтанаттуу ачылышы, ЖККУнун Консультативдик координациялык борборунун (ККБ) Кеңешинин жыйыны жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук кибер машыгуулар (Конференцияга арналган) болуп өттү.
Ачылыш аземин КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев жетектеди. Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеңешинин Катчысынын орун басары Шевцов Алексей Леонтьевич, ЖККУнун Башкы катчысы И.Н.Тасмагамбетов жана ЖККУ, КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башка жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.
Катышуучулардын масштабы жана курамы
Конференцияга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана адистеринин, ошондой эле маалыматтык технологиялар жана киберкоопсуздук менен алектенген ири корпоративдик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн 150дөн ашуун делегат чогулду. Катышуучулардын арасында ЖККУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн делегациялары болду.
Иш-чаранын максаты жана милдеттери
Санариптик технологиялардын тез өнүгүүсүнүн жана кибермейкиндикте коркунучтардын өсүүсүнүн шартында региондогу өлкөлөр маалымат мейкиндигинин жана маанилүү инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен жана макулдашылган иш-аракеттердин зарылдыгын маанилүү деп эсептешет.
Андыктан иш-чаранын жүрүшүндө, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев өз сөзүндө киберкоопсуздук улуттук жана аймактык коопсуздуктун приоритеттүү багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.
“Бул конференция улуттук жана эл аралык деңгээлде киберкоргонууну бекемдөө боюнча мындан аркы аракеттерге негиз боло ала турган билим, тажрыйба жана чечимдерди алмашуу үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт. Бул иш-чаранын жүрүшүндө боло турган талкуулар теориялык ыкмаларды гана эмес, биздин маалыматтык системалардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча практикалык кадамдарды да иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз” – деп белгиледи генерал-полковник К.Ташиев.
Конференциянын алкагында катышуучулар төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты:
* Киберкылмыштуулук, кибертерроризм жана кибершпиондук менен күрөшүү;
* Ыкчам маалымат алмашуу жана өлкөлөр ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо механизмдерин өнүктүрүү;
* Мамлекеттик жана корпоративдик секторлордо маанилүү маалыматтык инфраструктураны коргоо;
* Киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны түзүү жана шайкеш келтирүү;
* Кибер инциденттерде жөнгө салынган аракеттерди практикалоого багытталган биргелешкен улуттук жана мамлекеттер аралык кибер окууларды уюштуруу;
* Маалыматтык коопсуздук жаатында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана билим берүү программаларын өнүктүрүү;
Конференциянын практикалык бөлүгү: кибер машыгуулар
Конференциянын борбордук элементтеринин бири улуттук кибер машыгуу болду, анын жүрүшүндө катышуучулар симуляцияланган киберчабуулдардын шарттарында өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну практикалай алышты. Бул көнүгүүлөрдүн максаты – жооп кайтаруу ылдамдыгын жогорулатуу, мүмкүн болгон зыянды азайтуу жана критикалык системаларды жана инфраструктураны коргоо үчүн алгоритмдерди практикалоо болуп саналат.
Кыргызстанда ЖККУ, ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн киберкоопсуздугу боюнча биринчи эл аралык конференциясынын өткөрүлүшү өлкөнүн санариптик коопсуздук чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу борбору катары өсүп жаткандыгын далилдейт.
Иш-чара мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы ишенимди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө гана салым кошпостон, Евразия мейкиндигинде заманбап санариптик коркунучтардан коргонуунун жамааттык системасын калыптандырууга бекем негиз болду.