Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 9 жылдан бери бүтпөй келе жаткан мектептен кабар алды

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сокулук районундагы иш сапарын Алымкул Жакшылыков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясында улантып, 450 орунга ылайыкталган кошумча  окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты.

Алсак, азыр колдонулуп жаткан имараты 750 орунга гана эсептелгени менен учурда мектеп-гимназияда 2400дөн ашуун окуучу билим алат. Натыйжада республикалык бюджеттен 45 млн сомго жакын каражат каралып, 2016-жылы 450 орунга ылайыкташкан кошумча имаратынын курулушу башталган. Бирок 2017-жылы эле курулуш иштери токтоп калган. Ал эми өткөн жылы дагы 22 млн сом, быйыл дагы кошумча 5 млн сом каражат бөлүнүп, имаратты салуу жумуштары улантылган. Бүгүнкү күндө долбоордун 25%ы аяктаган.

Төрага 9 жылдан бери бүтпөй, кечеңдеп жаткан иштердин кесепетин окуучулар тартпашы керектигин айтып, коштоп барган жетекчилерге курулуш жумуштарын тез арада бүткөрүү талабын койду.

“Сокулук борборго жакын жайгашкан өлкөбүздөгү ири райондордун бири. Бул райондо жергиликтүү элден тышкары, аймактардан келген мекендештерибиз да арбын жашайт. Андыктан, кошумча каражаттар бөлүнүп, курулуш иши аягына чыгарылышы зарыл”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле мектеп жамааты менен да баарлашып жатып: “Мугалимдер коомду агартуучу асыл кесиптин ээлери болуп саналасыздар. Андыктан, сиздерди тейлеген министрлик экиге бөлүнүп, анын бири мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жетектей турган болду. Эми агартуу тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу кажет. Айрыкча мугалимдерге керектүү шарттарды түзүп, заманбап билим берүү жайларын куруу ишин жигердүү улантышыбыз зарыл. Буга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү толук жетет”, – деген Төрага кийинки жылы агартуучулардын эмгек акысын дагы көтөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Андан тышкары, мугалимдердин макамын көтөрүү жаатындагы пикири менен бөлүшкөн Нурланбек Тургунбек уулу: “Балдардын билимине мугалим жооп берсе, тарбиясына ата-эне жоопкерчилик алышы керек. Эки тарап эриш-аркак болгондо гана мыкты уул-кыздар өсүп чыгат. Тилекке каршы коомубузда бардыгын агартуучуга жүктөп койгон жагдай адатка айланып барат. Андыктан, ар бир ата-эне өзүнүн жоопкерчилигин да унутпай, мугалимдерге талап коюудан мурун урмат-сый менен мамиле кылганды үйрөнүшү кажет”, – деди.

Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулун Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев менен Винера Раимбачаева, ошондой эле агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.

Связанный пост