Жыл башынан бери Чүй облусунда 31 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери энергетиктер тарабынан Чүй облусунда 31 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Аламүдүн районуна – 7 282;
- Ысык-Ата районуна – 5 136;
- Чүй районуна – 6 360;
- Сокулук районуна – 6 907;
- Москва районуна – 5 315 “акылдуу” эсептегич орнотулду.
Белгиленгендей, быйылкы жылга Чүй облусу боюнча жалпы 114 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Калган 83 миңи жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.
“Акылдуу” эсептегичтердин артыкчылыктары:
- реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
- электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт;
- эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
- дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.