Сокулукта 400 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Сокулук районунда 400 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жерлер 2000-жылдардын башында Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн администрациясына “системалуу каттоо” учурунда үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилгени аныкталган. Бирок алар документтештирилбей, жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүлбөй, юридикалык жактан ээсиз калган. Ошого карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тургундарга узак мөөнөткө ижарага берип келген.

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада аталган жер тилкелери Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Учурда УКМК тарабынан кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост