2023-жылга минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү аныкталды
Кыргызстанда 2023-жылга киреше салыгын эсептөө үчүн минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Минималдуу эсептик киреше КРнын Салык кодексинин 187-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кызматкерлердин кирешелерин кошпогондо жана 6-бөлүгүнүн ченемдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштегендердин алган кирешелерин бардык түрлөрүнө колдонулат.
Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү менен салык кызматынын сайтынан таанышууга болот (https://sti.gov.kg/mrd)