Ош шаарында 5 көрүстөн рекультивацияланды

 Ош шаарында 5 көрүстөн рекультивацияланды

Ош шаарында мэрдин толгон көрүстөндөрдү рекультивациялап, башка жайга которуу боюнча тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы жалпы 5 мусулман көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөндөр мындан 60-70 жыл мурда жабылган. Ал жердеги маркумдардын сөөгү башка көрүстөнгө которулуп коюлду.

Жалпы көрүстөндөрдүн ээлеп турган аянттары 10 гектарга барабар. Алар:

  • Жапалак көрүстөнү, аянты 1 гектарга жакын;
  • Озгур көрүстөнү, аянты 1 гектардан ашык;
  • Акгөр көрүстөнү, аянты 19 сотых;
  • Мажрүмтал көрүстөнү, аянты 3 гектарга жакын;
  • Андижан көрүстөнү, аянты 35 сотых.

Ошондой эле учурда “Хохлово” орус, христиан көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлүп жатат. Аянты 4 гектар 10 сотых.

Связанный пост