Жогорку Кеңештин төрагасы Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институтунун өкүлдөрүн кабыл алды
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты, Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институнун башчысы, профессор, доктор Ильяс Топсакал баштаган делегацияны кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Акмал Саидов да катышты.
Баарлашууда боордош элдердин ортосундагы маданий кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен чыгармачыл жана өнөр адамдарынын ортосундагы алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан тарыхый байланышы терең, тектеш түрк калктарынын саясий-экономикалык өнөктөштүгүн өрчүтүү менен катар маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Аталган багытта акыркы жылдары алгылыктуу иштер жасалып, айрыкча маданият, маалымат, билим берүү, илим жана спорт жаатында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып келет”, – деди.
Өз кезегинде Ильяс Топсакал Чыңгыз Айтматов чыгармаларында бир адамдын тагдырын баяндоо аркылуу, жалпы түрк дүйнөсүнүн тагдырын чагылдыргандыгын баса белгилеп, ар эмгеги чоң идеяга бай экендигин кошумчалады.
“Биздин институт кыргыздын улуу жазуучусунун ысымын алып жүргөнүнө сыймыктанабыз. Андыктан, биздин башкы максатыбыз залкар калемгердин жолун улантып, түрк дүйнөсүнө эле эмес, жалпы адамзатка руханий көпүрө түзүү”, – деген Ильяс Топсакал жүргүзүп жаткан иштери тууралуу учкай маалымат берди.