Караколдогу ипотекалык үйлөр дээрлик даяр

Каракол шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакында даяр болгон турак жайлардын 50 пайызы кезекте турган жарандарга, калган 50 пайызы үлүштүк курулуш механизми менен алган жарандарга тапшырылат.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары – өлкөдө жайы-кышы эс алуу актуалдуулугун жоготпогон шаар болуп саналат. Буга байланыштуу МИК бул шаардан батирлүү болууну каалагандарды Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү 105, 3-кабат дарегине (Ысык-Көл облустук администрациясынын имараты) кайрылууга чакырат.