Баткенде дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
Баткенде дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун «Развилка» мобилдик постунда КР жараны «Д.К.Д» башкаруусунда «Лада-2107» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Текшерүү учурунда унаанын салонунан жалпы салмагы 60 кг, 600 даана таңгак санында «Цинепар» таблеткалары (парацетомол жана диклофенак натрий таблеткалары) табылган. ЕАЭБдин бажы аймагында сатуу үчүн жүктүн бажыга байланыштуу эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес.
Кармалган товардын баасы 360 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 000 сом өндүрүлгөн, товарлар жок кылынууда.