Баткенде туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө
Баткен облусунда өтүп жаткан Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан элдеринин достугун даңазалаган “Ыр майрам” фестивалынын алкагында туристтик көргөзмө-жарманке уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жарманкеге Баткен облусунун аймагынан келген ишкерлер өндүргөн продукцияларын, кол өнөрчүлөр эмгектерин жайышты. Ошондой эле аймактын айымдары улуттук тамаш-аштарын, дыйкан-багбандары айыл чарба продукцияларын көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө атагы алыска кеткен Баткен күрүчүнөн тамак даярдалып, келген коноктор даам татышты.
Төрт-Гүл көлүнүн жээгинде уюштурулган жарманке үч өлкөнүн таланттарынын ыр-бийлери менен коштолууда.
Коноктор көл жээгиндеги боз үйлөр шаарчасында, кооз табигатта эс алышты.