Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими ЖККУ алкагында колдоо тапты
Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйында ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун Коопсуздук кеңешинин акыркы сессиясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара маселелери боюнча жетишкен келишимин ЖККУ алкагындагы кызматташуунун ийгиликтүү мисалы катары белгиледи.
Катышуучулар уюмга мүчө мамлекеттердеги коомдук-саясий туруктуулук маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүү достук жана коңшулук мамилелерге ылайык келерин баса белгилешти.
Ошондой эле, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов 2025-жылы ЖККУдагы төрагалык кылуу алкагында Кыргызстандын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча пландары тууралуу баяндама жасады.
Ал эми, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча Туруктуу комиссиясынын төрагасы, РФ Мамлекеттик Думасынын Коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Выборный 2026-2030-жылдарга карата ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын иш программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул программага мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындатуу жана шайкеш келтирүү багытындагы иш-аракеттер каралган.
Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттерде өткөрүлгөн шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө ЖККУ ПАнын өкүлдөрүнүн катышуусу, эл аралык парламенттик уюмдардагы аракеттерди координациялоо жана башка уюштуруу маселелери тууралуу маалымат угулду.
Эске салсак, бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйыны өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстандын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко жана байкоочу катары Сербия Скупщинасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун катышты.