Каракөл ГЭСинин курулушу 60 пайызга аяктады
Жалал-Абад облусунда Каракөл ГЭСинин курулушу тездик менен жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объект Кара-Суу дарыясынын боюна курулууда жана анын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү 110 млн кВт/саатты түзөт.
“Курулуш иштерин 2026-жылдын I кварталына чейин толук аяктоо пландалган. Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 60%га бүттү. Иштер тездик менен жүрүп жатат. Башкы подрядчы жана инвестор катары “Жагалмай” ЖЧКсы иш алып барууда”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда төмөнкү иштер аткарылууда:
- башкы суу алуучу имараттын курулушу аяктап, 2 905 м³ темир-бетон төшөлдү;
- ачык бөлүштүргүч түзүлүштүн (АБТ) аянтчасы даярдалып, трансформатор орнотулду. Калган жабдуулар боюнча монтаж иштери жүрүп жатат;
- ГЭС имараты боюнча 4 683,1 м³ темир-бетон төшөлдү, курулуш блокторун бетон куюу иштери жүрүүдө;
Басма суу түтүгү боюнча иштер активдүү жүрүүдө: жалпы 2 222,54 м³ темир-бетон төшөлүп, суу өткөрүүчү каналдын казылган чуңкуру 95%га аяктады.
Чакан ГЭС аймакты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүп, өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошот.