С. Жапаров Өзбекстандын президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Шавкат Миромонович!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Баарынан мурда Өзбекстан Республикасынын Президенти, урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёевге Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келүү тууралуу чакыруубузду кабыл алганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Бүгүн биз урматтуу Президент менен мазмундуу жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.
Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бардык негизги багыттарын – саясат, коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика, чек ара кызматташтыгы, маданий жана гуманитардык байланыштарды кеңири талкууладык.
Өз ара сый-урмат, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жогору баа бердик.
Эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги бардык орчундуу маселелер толугу менен чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этап башталганын канааттануу менен белгиледик.
Биз өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө бардык шарттарды түздүк.
Албетте, бул мамлекеттик сапардын эң башкы жыйынтыгы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлушу болду.
Бул чынында эле тарыхый чечим. Ал өлкөлөрүбүздүн ортосунда жетишилген ишенимдин деңгээлин бекемдеп, мамилелерибизге жаңы саясий-укуктук негиз түзүп, биргелешкен өнүгүүнүн узак мөөнөттүү күн тартибин ачат.
Эң башкысы, Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары да жакын коңшу, союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары мындан ары да алга карай жүрүү ниеттерибизди тастыктадык.
Жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн Мамлекеттер аралык кеңешти түздүк.
Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Өкмөттөр аралык комиссиянын он экинчи жыйынынын, кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жана Ишкерлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыктарына жогору баа бердик.
Биз өкмөттөрдүн алдына жаңы, дымактуу милдеттерди койдук. Биздин орток максатыбыз – эки элдин бакубаттуулугун жогорулатуу.
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине кошумча дем берүү тууралуу макулдаштык. Биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтүү, аймактардын демилгелерин колдоо жана бизнес үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иш алып барабыз.
Аймактагы эң ири долбоорлор – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу максатыбыз дагы бир жолу ырасталды.
Чек ара кызматташтыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сиздин катышууңузда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге, өткөрүү пункттары жана жарандардын өз ара барып-келүүлөрү боюнча макулдашууларга карата протоколдорго кол коюлду.
Биз чек ара маселелерин толугу менен жыйынтыктап, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык.
Кыргыз Республикасынын Анжиян шаарындагы Башкы консулдугун ачуу демилгеси да колдоого алынды.
Бул жарандардын эркин барып-келүүсүнө, сооданын, транзиттин, логистиканын, маданий-гуманитардык байланыштардын, туризмдин өнүгүшүнө жана чек ара аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзө турган маанилүү иш жүзүндөгү кадамдар болуп саналат.
Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурдук.
Биргелешкен билим берүү, илимий жана маданий долбоорлорду ишке ашырууну улантуу тууралуу макулдашылды.
Көп тараптуу форматтагы кызматташтыгыбыздын ийгиликтүү өнүгүп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу Өзбекстан тарапка Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерибизди ырааттуу колдоп келгени үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирдим.
Бул мамлекеттик сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири айыл чарба, социалдык камсыздоо, маданият, туризм жана билим берүү тармактарын камтыган олуттуу эки тараптуу документтер топтомуна кол коюлушу болду.
Жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого бекем негиз болот деп ишенем.
Урматтуу Шавкат Миромоновичти быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, ошондой эле 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи Тоо саммитине катышууга чакырдым.
Сөзүмдүн соңунда бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгына канааттанганымды дагы бир жолу белгилегим келет.
Урматтуу Шавкат Миромонович, жемиштүү сүйлөшүүлөр үчүн, кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымыңыз жана элдерибиздин достугуна болгон туруктуу берилгендигиңиз үчүн Сизге терең ыраазычылык билдирем.
Бүгүнкү мамлекеттик сапардын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын гүлдөп-өсүшүнө, тынчтыктын, туруктуулуктун жана өз ара ишенимдин бекемделишине кызмат кыларына бекем ишенем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.