УКМК Баткендеги «Арак-Коньяк Заводун» мамлекеттин балансына кайтарды
УКМК мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын, Чоң-Талаа айылындагы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кетип, учурда иштеп жаткан «Арак-Коньяк Заводун» мамлекеттин балансына кайтарды.
Тактап айтканда, 1997-жылы аталган айыл аймагынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколдук чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсы түзүлүп, арак-шарап чыгаруучу ишкана жеке менчикке өткөрүлгөн.
Андан ары 2006-жылы Төрт-Гүл айыл аймагынын №07/30 токтомуна ылайык, «Арак-Шарап Заводунун» жалпы аянты 2,89 га болгон аймагы, чет элдик катыштуулугу бар жеке фирмага бир кыйла арзан баага сатылып кеткен.
КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында, аталган «Арак-Шарап Заводунун» уюштуруучулары жана директору ыктыярдуу негизде заводдун мүлкүн жана жер тилкесин толугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.