Президент: Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан жылга өсүүдө

«Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө, ал эми блокчейн жана санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланды», – деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, анын төрагалыгы алдында Чолпон-Ата шаарында өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Кеңеш виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялары жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аларды мамлекеттик башкарууда жана өлкөнүн негизги секторлорунда колдонуу максатында түзүлгөнүнө токтолду.

Садыр Жапаров 2022-жылы «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзам кабыл алынганын эске салды. Ал виртуалдык активдерди чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү боюнча укуктук негиз түзүп берген. «Бул мыйзам аркылуу жарандардын жана чет элдик өнөктөштөрдүн ишеними жогорулады. Бирок муну менен токтоп калбастан, биз жөнгө салуу, техникалык колдоо жана билим берүү иштерин да улантуубуз керек», – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчы Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө деп ырастады. «Ошол эле учурда ар түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат. Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле каржылык сабаттуулукту жогорулатуу жана билим берүү программаларын алдыга жылдыруу, киберкоопсуздук жана колдонуучуларды кибер алдамчылыктан коргоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына блокчейн-технологияларын киргизүү маселелерине көңүл бура турган Кеңештин ишинин негизги багыттарын белгиледи. Ал мындай тармактарга блокчейн-технологияларын киргизүү ачык-айкындуулукту жана байкоо жүргүзүүнү гана жогорулатпастан, процесстердин бюрократизациясынын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчы Binance 100дөн ашык өлкөдө инфраструктураларды куруу жана инновацияларды киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ экенин айтты.

Жыйында Кеңештин курамына жаңы мүчөлөр – дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча Binance аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кирди.

Чанпэн Чжао келечектин валютасы жана глобалдык резервдин бир бөлүгү боло турган блокчейн-технологияларды жана криптовалютаны киргизүү боюнча мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

Кирилл Хомяков Binance Кыргызстан менен бир катар санариптик демилгелерди ишке киргизүү, анын ичинде калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана билим берүү программаларын алдыга жылдыруу маселелери боюнча иштеп жатышканын айтты.

Андан соң Кеңештин Төрагасынын орун басары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, Кеңештин бүгүнкү жыйыны Кыргызстандын жогорку технологияларды колдонуу менен инновациялык өнүгүү жолуна түшүү ниетин тастыктайт.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Президенттин тапшырмасы боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду. Бул контекстте блокчейн-технологияларын киргизүү анын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоого жакшы өбөлгө боло алат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Төрагасы Камчыбек Ташиев виртуалдык активдерди өнүктүрүү экономиканын гана эмес, стратегиялык коопсуздуктун да маселеси экенин баса белгиледи. Бул киберкоопсуздук маселесин мурдагыдан да актуалдуу кылып, чукул жана координацияланган аракеттерди талап кылат.

Негизги милдеттердин бири катары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов блокчейн базасында санариптик сомду түзүүнү жана келечекте стейблкоинди чыгарууну, ошондой эле крипторезервди түзүүнү аныктады. Бул өңүттө эл аралык тажрыйба изилденип, Binance жана BNB chain өнөктөштөрү менен крипторезервди түзүү, анын структурасын аныктоо, тобокелдиктерди жана активдерди бөлүштүрүүнүн моделдерин баалоо, коопсуздук жана ачыктык үчүн эл аралык стандарттарды ишке ашыруу маселелери боюнча иш жүргүзүлөт.

Соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Binance ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болду.

Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгында бир катар конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост