Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга иш сапары менен келди
Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда, Кыргызстанга иш сапары менен келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Ардактуу конокту Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев сый-урмат менен тосуп алды.
Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышуу мерчемделген.