Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

 Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инновациялык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн
    өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары – Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялоо жана жүргүзүү Кеңештин негизги милдеттери болуп аныкталсын:
    – виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын
    аныктоо;
    – виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу;
    – виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;
    – Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк
    компанияларга көмөк көрсөтүү;
    – Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
    – Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
    – виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын инновациялык
    программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.
  3. Кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу үчүн аткаруу органы катары Кеңештин катчылыгы түзүлсүн.
  5. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп саналат деп аныкталсын.

Связанный пост