Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап талап кылууга шектелип кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү опузалап талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Опузалап талап кылуу арызынын негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР Жазык кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

30-апрелде УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү акча алган жеринен кармалды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

ИИМ жана УКМК тарабынан укук коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү улантууда.

Связанный пост