Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектер мамлекетке кайтарылды
Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген маданият үйү жана стадион мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош облустук прокуратурасы тарабынан жер жана менчик мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен жана Фрунзе айылында жайгашкан стадион 1,75 га жер тилкеси менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 156 млн 965 миң 700 сомдук жогоруда белгиленген мүлкттөр мамлекетке кайтарылды.