28-сентябрдын аба ырайы

 28-сентябрдын аба ырайы

28-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус болот.

Связанный пост