Эл өкүлдөрү 2025-2026-окуу жылына карата мектептердин даярдыгы боюнча Билим берүү жана илим министринин маалыматын угушту

 Эл өкүлдөрү 2025-2026-окуу жылына карата мектептердин даярдыгы боюнча Билим берүү жана илим министринин маалыматын угушту

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-апрелдеги жыйында 2025-2026-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин) даярдыгы боюнча Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматын укту. Анда негизинен 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жана илимий багыттагы лабораторияларды ачуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу баяндама жасалды.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы мектеп жетишсиздигин белгилеп, учурда канча окуучу кезекте турганын сурады. Ошондой эле жеке менчик имараттарды ижарага алып, убактылуу класстарды ачып болсо да балдарды окутуу керектигин билдирди. Ал эми депутат Кубанычбек Самаков жаңы курулуп жаткан мектеп жана бала бакчалардын сапатын катуу көзөмөлгө алууга чакырса, эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев ЖРТга даярдаган окутуу борборлорунун мыйзамдуулугун текшерүү талабын койду.

Депутат Эльвира Сурабалдиева биринчи кабаты ижарага берилип кеткени айтылган №67 мектеп тууралуу маселе козгоп, бул боюнча укук коргоо органдарына протколдук тапшырма берүү керектигин белгиледи.

Эл өкүлдөрү Нилуфар Алимжанова, Жалолидин Нурбаев, Таалайбек Сарыбашов, Балбак Түлөбаев жана Аида Исатбек кызы балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга көңүл буруп, жаш муунду руханий жактан өнүктүрүү, тарбиялык маанидеги сабактарды көбөйтүү, психология сабагын киргизүү, мугалимдер менен бирге ата-энелердин да жоопкерчилигин күчөтүү сыяктуу сунуштарын беришти.

Депутат Камила Талиева «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында канча мугалим квалификациялык даярдыктан өткөнүн тактаса, депутат Бактыбек Чойбеков онлайн мектептерди ачуу заман талабы экенин белгиледи. Аны улай депутат Азамат Исираилов дагы окуу китептерин санариптештирүү, окуучуларды планшет менен камсыздоо зарылдыгын айтты.

Электрондук кезекке турууда техникалык мүчүлүштүктөр кетип жатканын билдирген депутат Жаныбек Кыдыкбаев көйгөйдү чечүүнү Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине табыштады. Мындан тышкары айдоочулук күбөлүктү мектеп программасынын алкагында берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Депутаттар Пархат Тулендыбаев, Илимбек Кубанычбеков, Бекмурза Эргешов, Акбөкөн Таштанбеков, Аманкан Кенжебаев, Чингиз Айдарбеков жана Замирбек Мамасадыков аймактардагы мектеп жетишсиздиги, эмеректер жана окуу материалдары менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлөрдү ортого салышты. Мындан тышкары депутат Сеидбек Атамбаев менен Исхак Масалиев мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу сунушун келтиришти.

Депутат Эмиль Токтошев 12 жылдык программа боюнча элге жетиштүү деңгээлде маалымат жетпей жатканын айтса, эл өкүлү Динара Ашимова жаш мугалимдерди аймактарга тартууда ипотекалык үйлөрдү куруп, ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Связанный пост