Улуу Британия Кыргызстанда 2,3 млрд долларлык долбоорлорду каржылоого даяр

 Улуу Британия Кыргызстанда 2,3 млрд долларлык долбоорлорду каржылоого даяр

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Шебнем Альп жетектеген UK Export Finance (UKEF) делегациясы менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, Кыргызстандын Финансы, Санариптик өнүгүү, Энергетика, Жаратылыш ресурстары министрликтеринин, ошондой эле «Чакан ГЭС» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Улуу Британиянын каржылык демилгелерине өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.

Атап айтканда, UK Export Finance Кыргызстанга түрдүү тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,8 млрд фунт стерлинг (болжол менен 2,3 миллиард АКШ доллары) өлчөмүндө каржылоону сунуштайт.

Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов кыргыз тараптын UK Export Finance менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин айтып, сунушталып жаткан каржылоону курулуш, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарды колдоо үчүн пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө UK Export Finance компаниясынын өкүлдөрү агенттиктин ишмердүүлүгү, каржылоо механизмдери жана Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке түзүмдөрү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу жана экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча конкреттүү биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча макулдашты.

Связанный пост